7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова баштаган балбан кыздар мекенине кайтып келишти

885

Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди. Бул тууралуу дене-тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн аларды «Манас» эл аралык аэропортунан Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Бактыяр Бокоев, Тайманбас ОРАБӨ мектебинин директору Асеин Төрөгелдиев, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатында 2 медаль (1 алтын, 1 күмүш) утту.

Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын тагынып, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды, ошондой эле Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш медаль алып, жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утту.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана машыктыруучу Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

886