7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова: Жашоого болгон шаттуу көз карашты жана эргүүнү каалаймын

710

Кыргыздын атактуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова кыргыз элин Нооруз майрамы менен социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады.

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул майрамдын түбү биздин улуу элдин байыркы тарыхына барып такалат. Эзелтеден бери кыштын бүтүшү менен жанданган жаратылыштын белгиси катары ал өзүнө терең маанини камтыйт. Адам баласы жаратылыштын бир бөлүгү катары аны менен кошо жанданып, алдына түрлүү максаттарды коюп, жаркын келечекке болгон үмүтү артат.

Жаздын жаркыраган бул күнү — мен сиздерге жашоого болгон шаттуу көз карашты жана эргүүнү каалаймын! Бардык каалоо-тилектериңиздер ишке ашсын! Кандай болгон күндө да өзүбүзгө ишенели. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө тынчтык менен бакубат жашоонун өкүмү сүрүп турсун! Жакын адамдарыңыздар ар дайым жаныңыздарда болсун!»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

711