7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуунун өлүмү: Кылмышкер Кумарбек буга чейин 7 кызды зордуктап, төртөөнү өлтүргөн

10

Кумарбектин зордуктап өлтүрүү боюнча 7 окуя белгилүү болду. Анда, 4 кыз зордукталып өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына, ИИМдин маалыматына таянып жазды.

(Текст өзгөртүүсүз)

Анын айтымында, бир кызды башына арматура менен чаап тоноп кеткен. Ал боюнча кармалып, сот тарабынан айып салынган. Дагы бир оор кылмышы дагы сотко чейин жеткен. Ал, такси кызматын көрсөтүп жүргөн кезинде бир кызды жеткирип бара жатып, бычак менен коркутуп, колун таңып, зордуктоого аракет кылат.

Кыз колундагы жипти үзүп, бычакты тартып алып Кумарбектин колун кесип жиберет. Кумарбек экөө кыйлага алышып, анан кызды башына таш менен чаап салат. Кансырап калган учурда пакет кийгизип, Ботсадга алып барып каналга ыргытып, караңгыда дагы бир ирет башына чоң ташты ыргытат. Таш кыздын башына эмес, ийнине тийип калат. Кумарбек кыздын пульстарын текшерип, бир аздан кийин кетет. Кыз ал убакта өлүмүш болуп жата берет. Кеткенден кийин жолдун ары жагындагы заправкага барып, тез жардам чакырып аман калган.

Бул кылмышы боюнча Кумарбек колго түшөт, райондук сот аны “адам өлтүрүүгө аракет кылды”-деп 12 жыл эркинен ажыратат. Кийин, Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы Кумарбектин кылмыш беренесин “тоноочулук” деп алмаштырып, жазасын жеңилдетет. Натыйжада, көп өтпөй эле Кумарбек эркиндикке чыгат. Ошол күндөрү дагы бир топ кылмыштарды жасайт, акыркы курмандыгы 19 жаштагы Айсулуу…

Аман калган кыз азыр турмушка чыгып, бала-чакалуу болгон. Атын ачык атап, жүзүн көрсөтүүгө каршы болду, бирок окуяны айтып берди.

“Бул акмак, ошондо дагы так ушул “хонда стрим” машинесин айдап эүргөн, дагы деле алмаштыра элек экен. Айсулуу деген кыз зордукталып өлтүрүлүптүр деген жаңылыкты окуп, анын унаасын тааныдым. Көп өтпөй эле өзүнүн сүрөтү чыкканда таанып, жүрөгүм ооруду”-деп айтып берди.

Жалпы 7 кызга карата кылмыш жасаганын айтып берген. Анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган. Ал эми кылмышка шектүү дагы бир кызды талаага алып барып зордуктап, бирок өлтүрбөй таштап кеткенин айткан. Милицияга андай арыз менен кайрылган факты катталган эмес, балким ал кыз эч кимге бул тууралуу айткан эмес, жабык бойдон калган…

11