7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 миллион сом бөлүнөт

713

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 13 маселе каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү республикалык бюджеттен айыл чарба техникаларын сатып алууга 199 390 000 (жүз токсон тогуз миллион үч жүз токсон миң) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүп берүү жөнүндө Министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорун карап, жактырышты.

“2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча  Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерин программалык бюджет түзүү ыкмаларына окутууну тапшырды.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөлөрү   “2021-жылдын 16-ноябрындагы ташып кирүүгө бажы алымдарынын (эквиваленттүү болгон башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешелерине чегерүү тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

714