7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Сауд Арабиянын ТИМ кабыл алып, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи

574

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Саудду кабыл алды. Бул тууралуу миистрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толот.

«Сауд Аравия Королдугу биздин Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана бүткүл араб дүйнөсүндөгү маанилүү жана алдыңкы өнөктөшүбүз болуп саналат. Эки мамлекеттин ортосундагы саясий кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын өзгөчө белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы Сауд Аравия Королдугу менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү курууга кызыкдар», — деди ал.

Акылбек Жапаров эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, республика энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга жана инвестициялык кызматташууга, азык-түлүк коопсуздугу тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөдө соода-логистикалык борборлорду жана өндүрүш ишканаларын ачууга кызыкдар.

«Биз үчүн айыл чарба жана башка продукцияларды экспорттоону көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат», — деди ал.

Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри Файсал бин Фархан бин Абдулла Аль-Сауд эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Министр быйыл Кыргызстанда кыргыз-сауд бизнес форумун, ошондой эле кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү демилгесин колдоду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Сауд өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575