7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба жерлерин пайдалангандар үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотулду

830

Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыкты төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин ушул жылдын 11-мартындыгы токтомуна ылайык, 2022-жылдын 1-январынан баштап 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн салыктын нөл (0) пайыз өлчөмүндө ставкасы белгиленди.

Чечим президенттин «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды жана айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана дем берүүнүн таасирдүү чараларынын бири болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

831