7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар бериле баштады

382

Айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда да дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө, жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматы билдирди.


6%-10%дан берилген насыялар, дыйканчылык, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого, лизингге техникаларды алууга берилет.


Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет.


Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар, Баткен облусундагы “Айыл Банк” ,”РСК Банк”, “KICB”,”Оптима”, “Кыргызстан” банкттарына кайрылса болот.
Белгилей кетсек 2020-жыл ичинде, жалпы облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер, мамлекетен 432млн 50миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техникаларды алышса,10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

383