7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айып короосундагы 20 унааны 170 миң сомго чыгарып берүүнү убадалап, из жашырган жаран кармалды

349

Айып короосуна токтотулган жыйырмадан ашуун автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүүгө убада кылган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-февралында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Ж.Ж., аттуу жаран «М.» аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал 2021-жылдын 4-январында Ахунбаев/Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде айып короосундагы жыйырмадан ашык автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүп берем деп алдамчылык жол менен жабырлануучулардын ишенимине кирип 170 миң сом алган. Бирок убадасын аткарбай из жашырып кеткен.


Бул факт Октябрь РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин каттоосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1972-жылы туулган М.Н. кармалды. Ал тергөө кызматына жеткирилип, ал жерден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

350