7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо-3төгү окуя: ИИМ бир туугандарды өлтүргөн шектүүнү кармады

339

Милиция кызматкерлери 3-октябрга караган түнү “Ак-Ордо-3» турак жай конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.

Кармалган жаран 2006-жылы туулган. ЖМКлардын маалыматына караганда, ал милицияга анонимдүү билдирүүнүн аркасында кармалган.

Буга чейин 3-октябрга караган түнү Ак-Ордо-3 турак-жай конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйдө адам өлтүрүү болгондугу маалымдалган. Шектүүнү видеосу көзөмөл камерага түшүп калган жана анын баш кийими окуя болгон жерден табылган.

Ал үйгө кирип, 1991-жылы туулган инисин жана анын 1989-жылы туулган эжесин өлтүргөн. Бул учурда маркумдун аялы аялы 3 баласы менен терезеден качып чыгууга үлгүргөн.

340