7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодогу үйдүн түрттүрүлүшү боюнча бир катар кызмат адамдары камалды

967

Башкы прокуратура тарабынан Ак-Ордо-3 конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жол аркылуу жер сатуу менен алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен сатышкандыгы аныкталган.

Шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлүп, аял балдары менен көчөдө калган видео тараган. Президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, аял менен жолугуп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

968