7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордодогу окуя: Маркумдун жубайы шектүүнү тастыктап, элге кайрылуу жасады

310

Ак-Ордодо каза болгон адамдын жубайы кылмышка шектүүнү таанып- билди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран кармалып, тергөө иш- амалдары улантылууда.

Тергөө иш-аракеттеринин алкагында, 2025-жылдын 8-октябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына каза болгон адамдын жубайы 1992-жылы туулган Ш.Н аттуу жаран кайрылган. Ал кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого жардам берген кеңири көрсөтмөлөрдү берип, кармалган шектүү жаранды тааныган.

Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алып, сабырдуулук жана урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле, социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды.

Эске салсак, 2025-жылдын 3-октябрында Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш — эки адамдын өлүмү катталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

 

311