7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Өргө конушундагы тез жардам станциясынын курулушу аяктады

800

Ак-Өргө конушунун Ашар көчөсүндө жайгашкан тез жардам станциясынын имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күндө унаа токтотуучу жайларды, унаа жуучу жайларды, ошондой эле ички жана тышкы тармактарды куруу үчүн аймакты көрктөндүрүү иштери башталды.

Медициналык мекемеде амбулатория, фельдшердик пункт, жетекчинин кабинети, медициналык кабинеттер, диспетчердик пункт, тазалоочу шаймандарды сактоо үчүн санитардык жай, дары-дармектер үчүн кампа, ошондой эле ординаторлор жайгашкан. Курулуш долбоорунда ошондой эле унаа токтотуучу жай, унаа жуучу жай, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тез жардам станциясын курууга тендер жарыяланган

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801