7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда ата үч жашар уулун өрттөн куткаруу үчүн терезеден ыргыткан

681

АКШда өрттөн куткаруу үчүн үч жашар баласын терезеден ыргытып жиберген киши видеого түшүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык Мидлсекс округунда болгон. Өрт турак жай комплексиндеги батирлердин биринен чыккан. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр жалын экинчи жана үчүнчү кабаттардын терезелеринен чыгып жатканын аныкташкан. Өрт тез жайылып кеткен. 

Эркек киши күйүп жаткан батирдин балконунда камалып калган. Ал 3 жашар уулунун өмүр сактап калуу үчүн аны терезеден ыргытууга аргасыз болгон. Баланы полиция жана өрт өчүрүүчүлөр кармап калышкан. Ошондон кийин алар баланын атасына жардам беришкен. Натыйжада киши менен бала жеңил жаракаттарды алышкан. Дарыгерлер аларга жардам көрсөтүшкөн. Турак жай комплексинин дагы төрт тургуну түтүнгө ууланган. Алардын бири ооруканага жаткырылган. Имараттан жалпысынан 50 адам эвакуацияланган. Тергөөчүлөр өрттүн келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682