7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

АКШда кыргызстандыктар жол кырсыгына кабылды. Каза болгондор бар

232

АКШнын Индиана штатында Кыргызстандын үч жараны жол кырсыгына кабылды, арасында каза болгондор бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайгылуу окуя болгон учурдан тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, аларга консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын жана ритуалдык кызматтардын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү.

Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл болгон процедураларды уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатат. Буга каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу иштер да кирет.

«Тышкы иштер министрлиги кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алып, жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу көмөк көрсөтүүнү улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

233