7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксы окуясына 20 жыл. Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

661

Бүгүн 17-мартта президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясы.

Ошол учурда бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турган. Эл өз түйшүгүн өзү тартып, атка минерлер болсо элден бир топ эле четтеп калган.

Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.

Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.

Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!

Эгер 20 жыл мурда Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн изилдөөчүлөр, журналисттер ушул кайгылуу окуяны чагылдырганы келишсе, эми Аксынын мээнеткеч жана меймандос калкын, Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу керемет жерлерин, адам буту баса элек чытырман токойлорун, айтылуу кара өрүк бактарын көргөнү келип жатышат. Аксы жергеси жыл өткөн сайын өзгөрүүдө.

Бүгүнкү күндө калыстыкты туу туткан элибиздин эркине каршы келген буга чейинки жагымсыз окуялардан, урунттуу учурлардан сабак алып, демократиялык өлкө катары өнүгүүгө, бакубат жашоого умтулуу — биздин башкы мүдөөбүз!

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен кыргызстандыктардын ынтымагын чыңдап, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз!

Ынтымак бар жерде ырыс бар!

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун!»,-деди президент кайрылуусунда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662