Аксы районуна караштуу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин аракетсиздигинин натыйжасында мамлекетке 19 миллион сомдон ашык өлчөмүндө зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Райондук прокуратура тарабынан Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундуларына ылайык белгиленген айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 366 037 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталган.
Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аталган фактылар Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-бер. (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.