7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксы районунда жер көчкү кооптуулугу жаралды

646

Аксыда жер көчкү кооптуулугу жаралды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагында 2021-жылдын 30-март күнү Жүзүм-Жан айылында жер көчкү активдешип (көлөмү такталууда), жер жаракалары чоңойгондугу байкалып 9 турак үйгө коптуу абал жаралган.

«Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. 30-март күнү жогорудагы 9 турак үйдүн жашоочулары берилген атайын эскертмелердин жана Жарандык коргонуу комиссиясынын түзүлгөн протоколунун негизинде коопсуз жерге көчүрүлгөн. 31-март күнү түзүлгөн коммисия жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Бүгүн 1-апрель күнү жеринде иш-чаралар уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

647