7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда мектептин курулушунда 8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

365

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мектеп имаратынын курулушунда иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды кабыл алышкандыгы аныкталды.

Аталган мекеменин кызматкерлери Аксы районунун Дардак-Дөбө айылындагы мектепти курууда каралган мектептин айланасын көрктөндүрүү, видео байкоо орнотуу, спорт эмеректери менен камсыздоо жана башка жумуштар “К” ЖЧКсы тарабынан иш-жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан официалдуу иш кагаздарга жалган маалыматтарды киргизүү менен жумуштарды кабыл алышкан.

Натыйжада мыйзамсыз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 8 млн 20 миң 778 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан мыйзамга ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

366