7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда милиция тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу иштери уланууда

272

Аксы РИИБи тарабынан өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында Кербен шарындагы 5 мектепте атайын жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул жыйындарга райондук администрация, прокуратура, социалдык коргоо жана башка тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Алар өспүрүмдөр арасында орун алып жаткан кылмыштуулуктун келип чыгуу себептерин жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо жолдорун талкуулашты.Ал эми Ала-Бука РИИБи жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү тарабынан жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусуна бөгөт коюу боюнча район аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери ата-энелер менен жолугушуп, кыздарын эрте турмушка узатууга болбой тургандыгын эскертип жатышат. Коомго жат көрүнүштөр орун алган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгын жеткиришүүдө.

Мындан сырткары милициянын өткөн жылы аткарган жумуштары эл талкуусуна коюлууда.Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 2020-жыл ичинде аткарган жумуштары тууралуу жыйындар 8 аймакта уюштурулуп, жалпы 3000ден ашуун калктын катышуусунда өткөрүлдү. Элдик жыйындарга ШИИБдин начальниги, милициянын полковниги Азенбек Козукеев, Таш-Көмүр шаарынын мэри Нурлан Доулбеков жана башка мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жыйындарда милициянын аткарган жумуштары талкууланып, суроо-жооптор орун алды. Жергиликтүү тургундарга өз мүлктөрүнө сак болуу керектиги жана жаш өспүрүмдөрдү ар дайым көзөмөлдөө зарылдыгы эскертилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

273