7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксылык Нурайым Акылбекова Казакстандын «Астарлы Акикат» берүүсүндө. Суктангандар арбын

4930

Аксы районунун кичинекей тургуну булбул үндүү Нурайым Акылбекова Казакстандын «КТК» каналынын белгилүү «Астарлы Акикат» телеберүүсүнө «Таныссыз таанылгандар» темасында конокко чакырылды. Бул тууралуу чыгарылыш бүгүн каналдын You Tube каналына чыкты.

Нурайым Акылбекова Аксы районунда 2005-жылы туулган. Ал мындан эки жыл мурун Сыймык Бейшекеевдин «Жалгызымсың» чыгармасын жандуу ырдап, карантин учурунда интернет айдыңында хит болгон. Анын аткарган ырлары бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда да атактуулукту жаратты.

Астарлы Акикаттын алып баруучусунун айтымында, Нурайымдын ырлары көбүнчө Казакстанда хит болгон. Ошондой эле анын «Жалгызымсың» ырын 35,000 жаран аткарып көрүүгө аракет кылышкан, бирок биринин дагы үнү, аткаруусу Нурайымга жеткен эмес.

Бул берүүгө Нурайым Акылбекова экинчи ирет чакырылууда. Биринчи ирет чакыруу алганда чек арадан өтө албай калган. Ал эми бул ирет апасы Марал менен чогуу барган.

Берүүдө ал комуз, гитара, домбра, ямаха аспаптарында кол ойнотоорун айтып, таланттуу үй-бүлөнүн кызы экенин баса белгилеген. Анын атасы, апасы жана байкеси дагы ырдайт. 2022-жылы орто мектепти аяктап, келечекте фонограммасыз жандуу ырдаган белгилүү инсан болсом дейт. Ошондой эле ал журналист болууну дагы кыялданат.

Анын архивинде кичинекей кезинде ырдаган ырларынын видеосу бар. Үйдүн көкүрөк күчүгү. Алардын үйдө күн ыр менен башталып, ыр менен күн батат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4931