7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Актёр Азиз Мурадиллаевдин азыркы абалы айтылды

2050

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин абалы күндөн-күнгө начарлоодо. Бул тууралуу Ассоль Молдакматова социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, донор катары апасы, атасы, уулу, кызы, тууганы боло алат. Азизди Түркияга даярдап жатканбыз, ага өзүнүн таеэжеси донор болот. Донор боло турган адам тууганчылыгын ырастаган комиссиядан өтүп, анализдерди тапшырышы керек. Ал эми комиссия болжол менен 30-декабрда даяр болот экен. Азиздин абалы оорлошкондугуна байланыштуу күтө албай калат экенбиз. Ошондуктан башка өлкөгө учууну чечишти. 1-2 күндүн ичинде бейтап менен донордун органдарынын шайкештиги тастыкталса, башка өлкөгө учушат. Авиабилеттерге жеңилдиктерди сураганынын себеби көп киши барат. Алардын ичинде донор боло турган эжеси, жубайы, дарыгер жана өзү. Урматтуу кыргызстандыктар сиздерге дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет!”,-деди ал.

Эске салсак, актёр Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө 3-декабрда түшкөн. Ал эми, операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек болгон. Президент Садыр Жапаров Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2051