7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыйкатчы: Зомбулуктун бир дагы учуру жазасыз калбашы керек

20

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үч баланын энеси, 47 жаштагы аялдын атып өлтүрүлүшүн – трагедия катары белгилеп, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылууларга ыкчам чара көрүүгө чакырат.

Ведомстводон маалымдашкандай, акыйкатчы өзүнүн кайрылуусунда аялдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зомбулуктун алдын алууга багытталган системалуу жана натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын, зомбулуктун бир да учуру жазасыз калбашы керектигин баса белгиледи.

«Өзүнүн туулган күнүндө үч баланын энеси атып өлтүрүлдү. Бул кайгылуу окуя биздин өлкөдө аялдар менен кыз-келиндер бүгүнкү күнгө чейин жетиштүү деңгээлде коргоого алынбай жатканын дагы бир жолу далилдеди. Кылмышка күнөөлүүлөр мыйзам боюнча катаал жазасын алышы керек», — деди Жамиля Жаманбаева.

Белгилей кетсек, 23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы аял күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында үй-бүлөлүк зомбулукка даттанып 19 миң 995 жаран кайрылган. Анын 519у боюнча кылмыш иши козголгон.

Акыйкатчы институтуна 2025-жылдын 10 айында аялдар менен балдардын укуктарынын бузулушу боюнча 129 арыз түшкөн (2024-жылы жалпы 135 арыз). Алардын ичинен 24ү үй-бүлөлүк зомбулук маселелерине байланыштуу (2024-жылы — 31).

21