7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров ар бир жаранды күнүмдүк жашоосуна спортту кошууга чакырды

410

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш-чарага катышты.

Минкаб башчысы өз сөзүндө бүгүнкү бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү, ар бир адамга өз саламаттыгы туурасында ой калчап, кам көрүүнү эсине салаарын белгиледи.

“Биз жарандарыбызды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга, сергек жашоо образын карманып жашоого элди үндөөгө, экологиялык чөйрөнү жакшыртууга жана коргоого милдеттүүбүз. Жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран жооптуу экендигин пандемиядан көрдүк. Ал эми ар бир жарандын саламаттыгы – физикалык активдүү иштерман коомубуздун күчү, ресурсу жана эртеңи”-деди ал

Ошондой эле Акылбек Жапаров, акыркы убакта жугуштуу эмес оорулар жашарып бара жатканын айтып, дартты алдын алуу үчүн дени сак жашоо образын жайылтуу зарылчылыгын белгиледи.

“Кыргызстан – төрт мезгилде тең спорт менен машыгууга ылайыктуу өлкө. Бүт өлкө боюнча миңдеген спорттук залдар, аянтчалар, стадиондор, воркаут тилкелери, бассейндер иштеп жатат. Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен тээ алыскы айылдагы жаңы мектептерде Бишкектегидей бүт спорттук шарттары менен мектептер салынып жатат”-деди Акылбек Жапаров

Сөзүнүн соңунда Минкаб башчысы өлкөнүн спорт тармагындагы жетишкендиктерин белгилеп, ар бир жаранды күнүмдүк жашоосуна спортту кошууга чакырды.

Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын Саламататтык сактоо министрлиги уюштурган Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган “Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы иш- чаранын алкагында каалоочулар медициналык текшерүүлөрдөн өтүшүп, адистердин кеңештерин алышты. Иш-чара массалык чуркоо менен коштолду.

 

411