7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборуна барды

389

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ТЭЦке барды.

Акылбек Жапаров негизги өндүрүштүк цехтерди көрүп, жабдуулардын абалы менен таанышып, ЖЭБтин учурдагы абалы жана жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча отчетторду укту.

Министрлер Кабинетинин башчысы кышкы мезгилге сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бардык тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду.

Жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

390