7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров ОшМУнун Ардактуу профессору болду

500

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) барды.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысына университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60 ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУ бүтүрүүчүлөрү.

Министрлер Кабинетинин башчысы ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канаттануу менен белгиледи.

«Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасына көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын финалисттери саналган университеттин ар кыл факультеттеринин студенттери тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды.

Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго ОшМУ Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

501