7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров россиялык лизинг компаниясынын башкы директору менен жолукту

722

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча улуттук лизинг компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Дмитрий Ерошокту (Россия Федерациясы) кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жол техникасын, бажы жана салыктык башкаруу үчүн аппараттык кассалык комплекстерди жеткирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын кыймылдуу курамын жаңылоо маселесин талкуулады.

Жапаров Министрлер кабинетинин россиялык компания менен жемиштүү кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Дмитрий Ерошок белгилегендей, лизингдик компания комплекстүү финансылык программаларды, анын ичинде инвестициялык жана авиациялык долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбага ээ жана жакын арада керектүү жабдууларды жеткирип баштоого даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723