7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров шайлоо тилкесине небереси менен келди (ФОТО)

470

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоого добуш берүүгө катышты.

Анда МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектепте жайгашкан № 1142 шайлоо участкасына барып өзүнүн добушун берди.

Белгилей кетсек, Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жүрүүдө, республика боюнча 2443 шайлоо участогу уюштурулган. 

Өлкөнүн жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоону өткөрүү 2024-жылдын 17-ноябрына “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таратуу жана КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” президенттин жарлыгына ылайык дайындалган.

471