Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улуттук банктын жамаатын юбилейи менен куттуктап, финансы-кредиттик мекеменин кызматкерлеринин өз ишин берилгендик менен аткаруусу өлкөнүн финансы рыногунун ырааттуу өнүгүү процессин сактоого олуттуу салым кошкондугун белгиледи. Акылбек Жапаров кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
«Бул — фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», — деди Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.
«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи.