7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев каза болду

541

2021-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, акын, котормочу жана ардагер радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тенти Орокчиев Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда туулган.

1963-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пржевльск педагогикалык институттун аяктаган. 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965–1969-жылдары «Мугалимдер газетасында», 1969–1973-жылдары Кыргыз Совет Энциклопедиясында (КСЭ) илимий редактор, 1973–2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.

Тенти Орокчиевдин 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» аралыгындагы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Чыгармачылыктан тышкары казак жазуучусу А. Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повестин жана аңгемелер жыйнагын казак тилинен кыргыз тилине которгон.

1991-жылы радио журналист Тенти Орокчиевдин кыргыздын белдүү акын, жазуучулары менен өткөзгөн радио маектери өзүнчө том болуп жарыкка чыккан.
Анын кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктер, радио очерктер, радио композициялар, радио эсселер жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектери болуп 3500гө жакын уктуруулар даярдалган.

Алардын 200 саатка жакыны Улуттук телерадиокорпорация менен Мамлекеттик архивдин Алтын казынасына сакталып турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

542