7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Акыркы коңгуроо” аземине карата жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

283

ИИМдин ЖКККББгы 26-май күнү баардык мектептерде өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

Жол коопсуздукту камсыздоо максатында, эл көп чогулган жерлерде жана билим берүү мекемелеринин жанында кошумча күзөттөр уюштурулуп, күнү-түнү көзөмөл күчөтүлөт. Бул боюнча ИИМ жана башкы башкармалык тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Билим берүү жана илим министрлигине, ИИМдин аймактык башкы башкармалыктарына багыттуу нускамалар берилди.

Ата-энелерге балдарын унаа башкарууга, ошондой эле авто тейлөө жайларынын ээлерине унааларды мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ижарага берүүдөгү жана аларды ташуудагы жоопкерчиликтерин эскертебиз.

Жүргүзүлгөн талдоолор боюнча, жол унаа кырсыктарынын кесепетинен жарандардын өмүрүнүн кыйылышы, бүгүнкү коомчулуктун социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө орду толгус жоготууларды алып келүүдө. Анткени жол транспорт кырсыгынан жабыр тарткагандардын басымдуу бөлүгү 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар болууда.

Урматтуу жарандар, жогоруда белгилегендей окуучулар жана айдоочулар тарабынан мыйзам бузууларга жана терс көрүнүштөргө күбө болсоңуздар ЖКККББнын 0777 102-102 ватсап ишеним номуруна кабарлап коюңуздарды суранабыз.

284