7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы коңгуроодо 4 миңден ашуун милиция коопсуздукту камсыздайт

666

25-май күнү Кыргызстандын бардык мектептеринде окуу жылынын аякташына карата салтанаттуу түрдө акыркы коңгуроо өтөт.

​ИИМ билдиргендей, буга байланыштуу балдардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жалпы 4 миңден ашык кызматкер тартылат.

Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ички иштер жана кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан ар бир билим берүү мекемелеринде коомдук тартипти сактоо боюнча чаралар көрүлөт.

Ошол эле учурда акыркы жылдардын практикасы көрсөткөндөй, акыркы коңгуроо аяктагандан кийин мектептерде ата-энелердин уруксаты менен көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча майрамдоону улантып, көбүнчө жашы жете электерге унаа берүүдөн улам көптөгөн кайгылуу кесепеттерге алып келген учурлар кездешет.

Көптөгөн балдар ата-энелеринин көзөмөлүнүн жоктугунан тыюу салынган жана белгиленбеген жерлерге сууга түшүшөт. Өткөн жылы жабдылбаган жерлерде, суу сактагычтарда өспүрүмдөр каза болгон учурлар катталган.

 

667