Өлкөдө акыркы суткада 13 өрт кырсыгы болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Жалпы өрт өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.