7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ЕБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге өстү

315

Акыркы төрт жылда Кыргызстандын Европа биримдигинин өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 2,4 эсеге, анын ичинде импорт – 2,6 эсеге, экспорт – 1,5 эсеге өстү, деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа биримдиги» биринчи саммитинин жыйынында.

Мындай ийгиликтер рыноктордун ачыктыгынын жана «Преференциялардын жалпы системасы плюс» демилгесинин аркасында мүмкүн болду, ал Кыргызстандан чыккан товарлардын Европа бирлигине мүчө болгон 27 өлкөнүн рыногуна кирүүсүн камсыздайт», — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана анын өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестициялар үчүн кеңири перспективаларды ачаарына басым жасап, европалык бизнести бул долбоорлорго өз ара пайдалуу негизде активдүү катышууга чакырды.

316