7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча дарыясынын суусу каптаган жерлер тазаланууда

681

Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүнүн күн батыш тарабында (Донецкий көчөсүнө жакын) Ала-Арча дарыясынын нугу музга толуп, суулар ашып мечиттин жана унаа сатуучу салондун короолорун, унаа жолду кар аралаш суулар каптаган.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 1 экскаватор, 2 Хово тартылып, тазалоо ишин жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары түнү менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн чатыр тигилип, ысык чай уюштурулду.

Тазалоо ишине жалпы 31 техника жана 50дөн ашуун кызматкер тартылып, тазалоо иш чараларын аткарууда. Кошумча маалымат берилет.

682