7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада кен казган компанияга 10 млн сомдон ашуун зыян келтирген кылмыштуу топ кармалды

858

Ала-Букада кен казган компаниядан алтын тоногон кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 8-ноябрына караган түнү бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине киришкен.

«Кен казган ишкананын кароолчуларын таяктары менен уруп сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, бутуна учтуу нерсе менен сайып денесине залал келтиришкен. Ишкананын жумушчуларын таяктары менен уруп сабашып, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен коркутуп, колдорун байлашып, алардын уюлдук телефондорун жараксыз абалга келтиришкен. Чет элдик жарандын 20 миң сом накталай акчасын алышкан.

Андан кийин темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металын ачык түрдө тартып алышкан. Ишкананын короосунда токтоп турган “Митсубиши Делика” үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен»,-деп берилет билдирүүдө.

Кен казуучу ишканага жалпы суммасы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 1992-жылы туулган Ч.Б., 1995-жылы туулган Т.С. жана 1996-жылы туулган М.Ж. аттуу Ала-Бука районунун тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

859