7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Букада мектептин сапатсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголду

360

Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Падек айылында жайгашкан Т.Жоробаев атындагы орто мектебинин имараты сапатсыз курулгандыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул орто мектептин имаратын курууда жана кабыл алууда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй кабыл алынгандыгынын натыйжасында, баасы 59 млн 320 миң сомду түзгөн мектептин имараты сапатсыз курулган.

Пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20-40 см. чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен, дубалдарда жаракалар пайда болуп мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган.

Бул факты боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Сапаты начар курулуш» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

361