7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабылды

485

Бүгүн, 27-апрелден тарта борбордук “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Жумуш убагында Ардак кароол алынат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.

Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү.

Аталган ишкана 100 метрлик желексаптын долбоорун да  иштеп чыкты. Учурдагы желексаптын бийиктиги 45 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбайт. Эс алуу жайлары гана жабылат.

486