7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес 39 нуру бар желек илингенби? Орунбеков жооп берди

830

Социалдык тармактарда колдонуучулар “Ала-Тоо” аянтына илинген жаңы желекте күндүн нуру 40 эмес, 39 экенин жазып, сүрөт менен бөлүшүп жатышат. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков буга мындай жооп берди.

“Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса — айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп.

Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот”,-деди ал.

831