“Жыргалаң” курортун куруу үчүн жер тилкелерин сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы өтүүдө. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев билдирди.
Анын айтымында, аукциондун экинчи этабынын экинчи күнүндө, 9-апрелде жалпысынан 5 лот сатылды.
“Аукциондо 4 жылдыздуу бир мейманкана, 2 жылдыздуу 3 мейманкана жана 36 бирдиктен турган скандинавиялык стилдеги үйлөрдүн жер тилкелери сатылды”, — деди ал.
Аскат Чолпонбаев белгилегендей, аукцион бүгүн, 10-апрелде да уланат.
Кошумчалай кетсек, 8-апрелдеги аукциондо жалпы 6 лот сатылган.



