7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип 31 жаштагы жаран кармалды

664

Аламүдүн районунда жарандын автоунаасын алып, 100 миң сомдон ашык акчасын бербей качып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 28-февралында Аламүдүн РИИБине1980-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип 115 миң сомго автоунаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашык акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665