7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө бир нече велосипед уурдоого шектелип 19 жаштагы жигит кармалды

578

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылынын жашоочуларынан Аламүдүн райондук милициясына эки арыз түшкөн. Анда белгисиз бирөө Көк-Жар айылынан велосипеддерди уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (“Уурдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 19 жаштагы Ш.Д. аттуу жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар текшерилүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579