7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө экологияны булгаган 4 ишканага иш козголду

139

Аламүдүн районунда экологиялык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кара-Жыгач айылындагы төрт «С», «АКП», «ЖКД» жана «АП» ЖЧКлары кум-шагыл жууган кир сууларды тазалабастан жерге агызып, жаратылышты булгап, айлана чөйрөгө зыяны тийип жаткандыгы аныкталган.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кир сууну агызуу учурунда айлана чөйрөгө келтирилген зыяндардын эсеби такталып, жалпы 7,1 млн сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан «Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

140