7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө оор кылмыш жасоого даярдалып жаткан ок атуучу куралдар табылды

738

Чүйдүн Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан катылган АК-74 жана калибри 5,45 × 39 мм болгон ок-дарылар жашырылган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, курал жана ок-дарылар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган.

Азыркы учурда алынган куралдын келип чыгышын жана бул жашырууну уюштурган адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Ошол эле учурда ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

739