7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө уурулукка шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

560

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалганын Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 2-февралында Аламүдүн РИИБине 1985-жылы туулган Б.А. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 13:00дөн 19:00гө чейинки убакыт аралыгында бирөөлөр үйүнүн терезесин сындырып кирип, 3800 долларын жана зер буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин негизинде жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган.

Шектүү тергөө абагына камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561