7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Александр Лукашенко Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

404

Беларустун президенти Александр Лукашенко президент Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 2024-жыл татаал, бирок бай жана жемиштүү жыл болду. Бул жыл достуктун жана конструктивдүү кызматташуунун өзгөчө маанилүүлүгүн ырастап, бул жолдо туш болгон кыйынчылыктарга карабастан, тынчтык жана жаратмандык жолу менен алдыга жылууну улантуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын эскертти.

Келерки жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын сактап, мезгил сынагынан өткөн белорус-кыргыз мамилелерин жаңы мазмун менен толуктайбыз деп ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга ден соолук, түгөнгүс сергектик жана бакубатчылык, Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Сизди меймандос Беларусь жергесинде тосуп алууга дайыма кубанычтамын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

405