7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды

600

«Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак маалымдалгандай, УКМК “Аврора плюс” эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталып, Ысык-Көл райондук жана областтык сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схеманы түзүшкөн, натыйжада 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедждер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде “Аврора плюс” эс алуу борборунан беришкен, бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун эс алуу аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен чыгарып алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

«Иште топтолгон далилдердин негизинде бүгүн, 10-майда Алексей Ширшов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Ширшовго карата айып тагылып, сот тергөө мөөнөтүнө баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.

Бул иш боюнча тергөө иштери уланып, анын алкагында башка айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөт»,-деп берилет билдирүүдө.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601