7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Алты бир туугандын кичүүсү болчу”. Нарын дарыясына агып кеткен 8 жаштагы бала муз тепкени барган

2570

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Нарын дарыясына агып кеткен 8 жаштагы бала изделип жатканын билдиришкен.

7-каналга Нарын ОИИБден окуя тууралуу айтып беришти. Маалыматка караганда, ал дарыянын жээгинде муз тээп ойноп жаткан.

“7-март күнү саат болжол менен 18:30 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын районунун Байгазак айылынын тургуну 1981-жылы туулган жаран телефон аркылуу Орто-Нура айылынын Кабак аймагында 2013-жылы туулган бала Нарын дарыясынын жээгинде муз тээп ойноп жатып, сууга түшүп кеткендигин билдирген. Аталган билдирүү Нарын РИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда бала апасынан классташ балдары менен муз тээп келгени суранып кеткен. Нарын дарыясынын суу жээгине түшүп басып бара жаткан жеринен муздан тайып Нарын дарыясына агып кеткенин жанындагы классташ балдары көрүп, аны куткарууга аракет кылышкан. Бирок куткарууга мүмкүн болгон эместиги аныкталган”, -деп айтылат маалыматта.

Милиция ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте атайын жарык берүүчү шаймандары менен издөө иштерин башташкан. Мындан тышкары айыл тургундары, жөө жана атчан адамдар жардамдашып, бүгүнкү күндө Нарын ОИИБдин, Нарын РИИБдин өздүк курамы, ӨКМ кызматынан 27 жана жергиликтүү тургундар биргеликте тынымсыз издөө иштери уланып жатат.

Ал Бекежанов атындагы орто мектебинде 2-класста окуп келген, өзү алты бир тууган, анын ичинен эң кичүүсү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2571