Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын экс-орун басары Дүйшөнбек Чоткараевдин баш коргоо чарасын узартты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына укук коргоо органдары билдиришкен.
Маалыматка ылайык, Чоткараев 19-мартка чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылган. Ал соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган, бирок адвокаттын өтүнүчү канааттандырылган эмес.
Соттун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев алтын аткезчилиги боюнча кылмышка шектүү катары кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал аткезчилик менен кармалган адамдарды мыйзамсыз бошотууга жана конфискацияланган зер буюмдарын чыгарууга катышкан. Чоткараев менен кошо бул ишке УКМКнын башчысынын дагы бир экс-орун басары Болот Сүйүмбаевдин катыштыгы бар. Учурда изделүүдө.