7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр актрисасы аталды

1479

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

“Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн мыкты актрисасы Анара Сыдыгалиеванын эл аралык сыйлыгы кут болсун”, — деди Раев.

Анара Сыдыгалиева Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын актрисасы, КРнын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Ошондой эле, белгилүү театр жана кино актеру Азиз Мурадиллаевдин апасы.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын эң кадыр-барктуу “Театр” уюму Эл аралык театр күнүнө карата 2022-жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысымын жарыялаган.

Сыйлык тапшыруу 24-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1480