7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Апам жапкан нан». Жалал-Абадда энелер жоокерлерге тамак-аш алып барышты

1206

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин Жалал-Абад шаарында жайгашкан №5 батальонунда «Апам жапкан нанды сагындым» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу иш-чарага катышкан аймактык кабарчы билдирди.

Анын жүрүшүндө жергиликтүү «Аялзат» фольклордук энелер тобу жана ырчылар концерттик программа тартуулашты. Андан соң кызмат өтөп жаткан жоокерлерге жаңы жылдык белектер берилип, энелер даярдап келген тамак-аш азыктарын беришти. Мында үйдө жасалган нан-боорсок жоокерлердин апасына болгон сагынычын таратат дешет уюштуруучулар.

Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Анаргүл Машаева баштаган энелер аскерлер менен чогу тамактанып, алардын чын дилден кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдиришти.

Акциянын жыйынтыгында батальондун саркери, полковник Курманбек Сакеев келген энелерге ыраазычылык барактарын тапшырды. Маалым болгондой, Сузактагы аялдар кеңеши аталган акцияны акыркы 3 жылдан бери ушул жайда өткөрүп келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1207